11:05, 05 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Эртең, 6-январда старт ала турган континенталдык биринчиликке Азиянын 16 мыкты курама командаларынын беттеши Сауд Арабиясынын Жидда шаарында башталат.Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди
Буга чейин, 2025-жылдын сентябрь айында, башкы машыктыруучу Эдмар Ласерданын жетекчилиги алдында Кыргызстандын олимпиадалык курамасы U-23 бул жаш курактагы Азия Кубогуна тарыхтагы алгачкы жолдомону камсыздаган.
Эске салсак, биздин команда «А» тайпасында Вьетнам, Иордания жана Сауд Арабиясынын курама командалары менен күч сынашат.
Азия Кубогу U-23 2026 мелдешиндеги «А» тайпасынын беттештеринин тартиби:
1-тур — 2026-жылдын 6-январы
22:00 — Сауд Арабиясы — Кыргыз Республикасы (Принц Абдулла Аль-Файсал атындагы стадион, Жидда шаары)
2-тур — 2026-жылдын 9-январы
20:00 — Кыргыз Республикасы — Вьетнам
(«Кинг Абдулла Спорт Сити» стадиону, Жиддашаары)
3-тур — 2026-жылдын 12-январы
22:30 — Иордания — Кыргыз Республикасы
(«Кинг Абдулла Спорт Сити» стадиону, Жидда шаары)
Турнирдин түз алып берүүсү УТРК Спорт каналында жеткиликтүү болот. Белгилесек, курама команданын ар бир беттешине күбө болуу үчүн күйөрмандарга арналган фан-зона уюштурулат. Фан-зоналар жана беттештердин түз көрсөтүүлөрү тууралуу кошумча маалымат кошумча берилет.