Кыргызстанда Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлиги 2025-жылга карата автордук укук жана чектеш укуктар жаатындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Маалыматка ылайык, чогултулган автордук укуктун суммасы 27 миллион сомдон ашкан. Бул укук коргоо практикасынын өсүшүн жана интеллектуалдык менчикти колдонуу маданиятынын жакшырганын көрсөтүп турат, деп айтылат отчетто.
Бул мезгилде колдонуучулар менен автордук укук жана чектеш укуктар боюнча 358 лицензиялык келишим түзүлүп, 531 автордук укук жана чектеш укуктар катталган.
Бул чараларды ишке ашыруу автордук укук ээлеринин укуктук жактан корголушун күчөтүүгө, чыгармачыл тармактарды өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын инновациялык экономикасы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.


