03:29
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Ташиев Сауд Арабиянын футбол федерациясы менен кызматташуу келишимине кол койду

Жидда шаарында Кыргыз футбол биримдиги менен Сауд Арабия футбол федерациясынын ортосунда футбол жаатында кызматташуу боюнча өз ара меморандум түзүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматка ылайык, келишимге Кыргыз футбол биримдигин президенти Камчыбек Ташиев жана Сауд Арабия футбол федерациясынын президенти Ясер Аль-Мисехал кол коюшкан.

Аталган документте 2026—2027-жылдар аралыгында эки өлкөнүн кыз-келиндер жана өспүрүмдөр курама командалары ортосунда достук беттештерди өткөрүү каралган. Беттештер жаш футболчулардын эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоосуна жана оюн чеберчилигин жогорулатууга багытталган.

Мындан тышкары, тараптар спорттук маалымат алмашуу, футболду башкаруу тутумун өркүндөтүү, калыстык институтун өнүктүрүү, машыктыруучуларды окутуу жана алардын квалификациясын жогорулатуу, техникалык өнүгүү, мелдештерди уюштуруу жана өткөрүү боюнча биргелешкен иш алып барууга макулдашышкан.

Белгилесек, Камчыбек Ташиев Сауд Арабиясына жасаган расмий сапарынын алкагында Жидда шаарында өтүп жаткан U-23 Азия кубогунун беттештерине катышып жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар