Бишкектеги батирлердин биринен ок атуучу куралдан жаракат алган эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-январда болжол менен саат 11:00дө милицияга чалган адам каза болгон кишинин алдында тапанча бар экенин кабарлаган. Ал өзүн ошол үйдүн кызматчысы катары тааныштырып, маркум үй ээси экенин айткан.
Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барышып, маркумдун сөөгүн ашканадан табышкан жана анын денесинин астында тапанча болгонун аныкташкан. Окуя болгон жерди кароодо мушташуунун белгилери такталбаган жана сөөктү текшерүүдө ок жаракатынан башка кошумча жаракаттар табылган эмес.
Райондук милиция аталган факт алдын ала өзүн-өзү өлтүрүү катары бааланып жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кошумчалады. Учурда тергөө иштери уланууда.


