07:45, 12 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
КАРТОЧКАЛАР 50 ЖЫЛ МУРУН ПАЙДА БОЛГОН.
Ага чейин футболчуларды кыйкырып, эскертип турушкан. Бул абдан татаал жана ызы-чуулар менен коштолчу. Мисалы, 1966-жылы чейрек финалда «Англия менен Аргентина» беттешкен. Анда өз тилинен башка(немис) тил билбеген Германиялык калыс Рудольф Крайтлян калыстык кылган. Оюн абдан көп эреже бузуулар менен коштолуп, аргентиналыктардын капитаны Антонио Раттина оюндан чыгара албай коюшкан. Ал калысты түшүнбөй атам деп туруп алган. Айла жок англиялык калыс Кен Астонго кайрылууга туура келген. Астон оюнчуну оюндан араң чыгарышкан.
АСТОН ЖОЛ ЧЫРАГЫНАН УЛАМ КАРТОЧКАЛАРДЫ ОЙЛОП ЧЫККАН.
Ошондон кийин Астон футболчуларга эскертүү берүү боюнча катуу ойлоно баштаган. Бир жолу ал жолдо келатып, жол чырагынан токтоп ошондо идея келген: Эмне үчүн сары жана кызыл карточканы колдонсо болбосун?
Сары карточканы эскертүүгө, кызыл карточканы оюндан чыгууга карата колдонууну чечкен. Футбол аткаминерлери Астондон идеясын колдоп чыгышкан. Ал эми 1970-жылы Мексикада өткөн футбол чемпионаттында калыстар карточка менен эскертүү бере башташкан.