Соңку суткада өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталды

11:06, 12 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Акыркы сутка ичинде, 11-январда республика аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өлкө аймагында 19 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 22 күжүрмөн эсеп тартылган:

  • Бишкек шаары — 4;
  • Ош шаары — 1;
  • Нарын облусу — 1;
  • Ысык-Көл облусу — 1;
  • Чүй облусу — 2;
  • Жалал-Абад облусу — 1;
  • Ош облусу — 6;
  • Баткен облусу — 3.

Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.