16:57
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Бишкекте миңден ашык үй-бүлө «Мурас» турак жай комплексинен батир алышты

Бүгүн, 12-январда Бишкектеги «Мурас» турак жай комплексинен 1080 үй-бүлө көптөн күткөн батирине ээ болушту. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, Маликов көчөсүндөгү «Мурас» турак жай комплексинде 8 блоктон турган 18 жана 24 кабаттуу ипотекалык үйлөр берилди. Ал «Сабырдуу болсок, кезекте турган жарандар 2-3 жылдын ичинде үйлүү болосуздар», — деп айткан.

Президенттин Иш башкармалыгы ипотекалык турак жай программасы пландалгандай ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Ошентип, 2025-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 4662 жаран батир алган. Учурда Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 80 245 батир курулуп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар