2026-жылы ыйык Орозо айы 18-февралда башталат деп күтүлүүдө. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
30 күн боюу мусулмандар орозо кармайт. Орозо — бул мусулмандардын Рамазан айында аткара турган ибадаттарынын бири. Бул айда орозо туткан мусулман сабырдуулукту, кечиримдүүлүктү жана тазалыкты бекемдейт.
Кадыр түн (Лайлатул-кадр) 16-марттын 17-мартына караган түнү күтүлүүдө. Салт боюнча, ал Рамазандын 27-түнүнө туура келет.
Орозо айт майрамы болжолдуу түрдө 20-мартта белгиленет. Бул күнү мусулмандар Курман айт намазын окушат.
Рамазан айынын башталышы жана аягы ай календары боюнча аныкталып, жаңы ай көрүнгөндөн кийин белгиленет. Бардык даталар болжолдуу жана муфтият тарабынан расмий түрдө бекитилет.


