Кыргызстан кинематографисттер союзуна жаңы төрага шайланды

16:05, 12 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Актёр жана режиссёр Бусурман Одуракаев Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кинематографисттер союзунун 10-январда өткөрүлгөн XXIX съездинде жашыруун добуш берүү ыкмасы менен Бусурман Одуракаев Кыргызстан Кинематографисттер союзунун жаңы төрагасы болуп шайланган. Съезддин делегаттары ошондой эле жаңы директорлор кеңешин шайлашты.

Фото Кыргызстан кинематографисттер союзу. Бусурман Одуракаев

Белгилей кетсек, союзду буга чейин режиссер Таалайбек Кулмендеев жетектеп келген.