КРВИ сезону: Кыргызстандыктар кайсы сасык тумоого көп чалдыгаары айтылды

09:15, 13 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда Жаңы жыл майрамдарында КРВИ жана сасык тумоонун 12 124 учуру катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгери Султан Суранбаев Биринчи радиодо билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүчтөр мурунку жумага салыштырмалуу 27 пайызга жогору.

Адис риновирус, аденовирус жана парагрипп сыяктуу ар кандай вирустар катталганын белгиледи. Кыргызстандыктар көбүнчө А тумоосу менен жабыркашат; В тумоосу менен ооруган учурлар да кездешет, бирок азыраак.

Департамент кырдаалды күн сайын көзөмөлдөп, эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзөт.