«Реал Мадрид» клубунун башкы машыктыруучу ким болот?

07:45, 14 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

«Ливерпуль» футбол клубунун мурдагы машыктыруучусу Юрген Клопп «Реал Мадридди» башкарып калышы мүмкүн. Бул тууралуу белгилүү спорт журналисти Флориан Плеттенберг социалдык тармакта билдиргендигин чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

Дүйшөмбү күнү «Реал Мадрид» май айынан бери клубда иштеп келген Хаби Алонсону кызматтан алган.

Маалыматка ылайык, «Реал Мадрид» Клопптун «Ред Булл» менен узак мөөнөттүү келишими болгонуна карабастан, сезон аяктагандан кийин аны дайындоону карап жатат.

Фото Интернеттен алынды
Эске салсак, 58 жаштагы Клопп «Ливерпулда» 2015-жылдан 2024-жылга чейин иштеген. Анын жетекчилиги астында команда Англиянын Премьер-Лигасын (EPL), Англия Кубогун жана Суперкубогун, Лига Кубогун эки жолу, ошондой эле Чемпиондор Лигасын, УЕФА Суперкубогун жана ФИФАнын клубдар аралык дүйнө чемпионатын жеңип алган. Ал буга чейин Германиянын «Боруссия Дортмунд» жана «Майнц» клубдарын башкарып келген.