14:14
USD 87.45
EUR 102.04
RUB 1.11

Жолдордогу орточо ылдамдык көзөмөлдөнөт: ИИМ эмне үчүн экенин түшүндүрдү

Кыргызстан жолдордо орточо ылдамдыкты көзөмөлдөөнү киргизип жатат. Бул тууралуу парламенттин Укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Бишкек-Токмок жолунун бир бөлүгүндө орточо ылдамдыкты көзөмөлдөө системасын сыноо жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, атайын камералар орнотулган жана ылдамдыкты ашыра айдоо боюнча 7406 эреже бузуу катталган. Аткаминер бул эреже бузуулар кайсы мөөнөттө болгондугун так айткан жок.

Ал Ички иштер министрлигинин максаты камералардын жанында бир жолку ылдамдыкты ашыра айдоону эмес, жолдун бүткүл бөлүгүндө ылдамдык чегинин сакталышын көзөмөлдөгөн, ошондой эле кырсыктарды азайтып, адамдардын өмүрүн сактап калган механизмдин натыйжалуулугун текшерүү экенин түшүндүрдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Эгембердиев орточо ылдамдыкты көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугу жөнүндө сурады.

Октябрь Урмамбетов «Коопсуз шаар» долбоору алда канча амбициялуу «Коопсуз өлкө» долбооруна өтүп жатканын түшүндүрдү. Жаңы долбоордо жол кыймылын көзөмөлдөө системасын кеңейтүү, анын ичинде орточо ылдамдыкты көзөмөлдөөнү киргизүү каралгандыгын белгиледи.

Ички иштер министрлиги бул чараны зарыл деп эсептейт, анткени көптөгөн жол кырсыктары( болжол менен 70 пайызы) ылдамдыкты жогорулатуунун кесепетинен болуп жаткандыгы айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар