Жогорку Кеңештин төрагасы тендерлерди толугу менен алып салууну сунуштады

11:27, 14 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу тендер маселесине токтолуп, аталган жараян бардык ишке кедергисин тийгизип жатканына токтолду.

Анын айтымында, учурдагы мамлекеттик сатып алуулар системасы курулуш иштеринин башталышын бир топ кечеңдетип, коомчулуктун нааразычылыгын жаратууда.

Фото Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

"Мектеп болобу, бала бакча болобу же социалдык багыттагы башка имараттарбы кандай гана курулуштар болбосун бардыгы тендерге байланышкан. Бирок элдин баары ошол тендерден тажады. Анткени, тендерди өткөрүү иши эки-үч айга создугуп, курулуш иштери кечеңдеген учурлар арбын. Ошондуктан, тендерге тиешелүү мыйзамдарды карап, аталган маселени толугу менен алып салышыбыз кажет. Тендер деген болбошу керек. Ошондо иштин тез жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө өбөлгө түзүлөт«,— деди Төрага.

Аталган маселе боюнча Президент менен да кеңешкенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетине тез арада тендерди өткөрүү жараянын жоюу багытындагы мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү талабын койду.

«Мындан эки жыл мурун да бул маселе көтөрүлүп, айтканбыз. Бирок көз боёмочулук менен кайра эле аталышы өзгөртүлүп, мааниси ошол бойдон калыптыр. Андыктан, аталган көйгөй тез арада чечилиши керек. Тендери жок эле курулуштар жүргүзүлүп, түз сатып алуулар болушу кажет. Эгер ошондо катачылыктар кетсе, тиешелүү мекеме жетекчилери өз баштары менен жооп берет», — деп кошумчалады.