12:39, 14 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жер көчкү тууралуу маалыматты иликтөө үчүн Ош облусунун Кара-Кулжа районуна барышты.
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн Кара-Кулжа районундагы Шаркырама айылында жер көчкү болушу мүмкүн деген маалымат келип түшкөн.
Бүгүн ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин 3 кызматкери, 1 офицер, ошондой эле айыл аймактан 1 кызматкер тактоо иштерин жүргүзүү үчүн жөнөп кетишти.
«Алар жер көчкүнүн көлөмүн, кооптуулугун жана башка маалыматтарды тактоо иштерин жүргүзүшөт», — деп айтылат маалыматта.