17:07
USD 87.45
EUR 102.04
RUB 1.11

№ 13 шайлоо округундан кайра шайлоого төрт талапкер арыз берди

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Жалал-Абад облусундагы № 13 шайлоо округунда парламенттик шайлоого катышуу үчүн төрт талапкер катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алар:

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович;
  • Маматаев Эркинбек Садирбекович;
  • Асанов Уланбек Жалалович;
  • Асамудинов Бактыбек Асанович.

Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-январь, шаршемби