14:56
USD 87.45
EUR 101.85
RUB 1.11

Кыргызстан АКШ менен виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Тышкы иштер министрлиги АКШ менен виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу министр Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.

Ал АКШ тараптан өлкөгө кирүү үчүн белгиленген күрөө маселесин айтты. 15 миң доллар өлчөмүндөгү сумма Кыргызстандын реалдуу шарты үчүн жогору, бирок бул АКШнын ички миграциялык саясатынын бир бөлүгү болуп саналат.

«Биз виза режимин жеңилдетүү боюнча Америка тарап менен консультацияларды жүргүзүп жатабыз, өз каалоолорубузду айттык жана алардын талаптарын эске алуудабыз», — деп баса белгиледи ал.

Алдын ала маалыматтар боюнча АКШда 40 миңге чукул кыргызстандык бар. Алар студенттер жана иштеп жүргөндөр болуп саналат.

Кулубаев белгилегендей, визасыз жүргөн же виза режимин бузган жарандар миграциялык органдар тарабынан аныкталса, депортацияланышы мүмкүн. Тактап айтканда, буга чейин 20га жакын адам депортацияланган жана дагы 20га чукул ушундай учур күтүлүүдө. Ошол эле учурда, эгерде документтер туура таризделсе, жарандардын ал жакта жүрүүсүндө көйгөйлөр жаралбайт.

Министр Америка тараптын негизги талабы — виза алган жарандар тиешелүү документтерди өз убагында тариздеп, жүрүү мөөнөттөрүн сактоосу зарылдыгын белгиледи. Ал мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө, анын ичинде Россияда да байкаларын жана Кыргызстан өз жарандарынын кызыкчылыгын коргоо үчүн туруктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

ТИМ башчысы ошондой эле өлкөнүн тиешелүү мекемелери чет өлкөдө жүргөн жарандарды легализациялоо жана консулдук коштоону жакшыртуу маселелеринин үстүндө иштөөнү улантып жатканын билдирди.

Эске салсак, 2026-жылдын 21-январынан тартып, АКШга B-1 (ишкердик) жана B-2 (туристтик) иммиграциялык эмес визаларды алуу үчүн кайрылган кыргызстандыктар 5 миң доллардан 15 миң долларга чейинки кайтарылуучу күрөө төлөөгө милдеттүү.

Эң көп окулган жаңылыктар
15-январь, бейшемби