Энергетиктер суукка байланыштуу электр тармактарын көзөмөлдөөнү күчөтүштү

13:41, 15 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Алдыдагы суук аба ырайына байланыштуу энергетиктер энергообъектилердин ишине көзөмөлдү күчөтүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Штаттан тышкаркы кырдаалга авариялык-оңдоо запасы даярдалып, ыкчам жоюу схемасы иштелип чыккан. Оңдоо бригадалары, транспорт жана атайын техника даярдалган. Ыкчам кырдаалга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтардын күнү-түнү нөөмөттүк графиги бекитилди.

«Абанын төмөн температурасы электр энергияны керектөөнүн өсүшүнө алып келет. Аба ырайы сууктагандыктан, электр жабдууларына күч келтирбөө үчүн энергияны үнөмдөөгө жана бир нече шайманды бир убакта иштетпөөгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Эгерде электр энергиясы менен камсыздоо боюнча суроолор пайда болсо, биздин күнү иштөөчү чалуу борборунун төмөнкү номерлерине кайрылсаңыз болот:

  • Бишкек электр тармактар ишканасы — (0312) 53-00-84;
  • Чүй электр тармактар ишканасы — +996 (312) 33-85-03;
  • Баткен электр тармактар ишканасы — +996 (03622) 5-06-28;
  • Ош электр тармактар ишканасы — +996 (3222) 5-50-38;
  • Жалал-Абад электр тармактар ишканасы — +996 (3722) 5-13-50;
  • Ысык-Көл электр тармактар ишканасы — +996 (3922) 4-24-53;
  • Нарын электр тармактар ишканасы — +996 (3522) 5-12-73;
  • Талас электр тармактар ишканасы — +996 (3422) 5-36-05.