00:43
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Бишкекте жатаканадагы өрттөн чет элдик жаран каза болуп, 38 адам эвакуацияланды

Бишкектин Свердлов районунда жайгашкан үч кабаттуу жатаканада өрт чыкты. Өрт саат 10:20га чейин толугу менен өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт болгон жерден 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Тилсиз жоодон жалпы 38 адам эвакуацияланды.

Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби аныкталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар