08:30, 19 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Индонезиянын Жакарта шаарында Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы жолдоштук беттеште Сауд Арабиясына утулуп калды. Бул тууралуу Кыргыз футзал ассоциациясы билдирди.
Беттеш 1-3 эсебинде аяктады. Голду Данияр Талайбеков киргизди.
16-январда биздин оюнчулар Тажикстанды 4-2 эсебинде жеңишти.
Кыргызстандын курама командасы 27-январда Индонезияда баштала турган Азия Кубогунун финалдык этабына даярданып жатат. Алар Индонезия, Ирак жана Түштүк Корея менен бир топко киришти.