10:59
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Министрлер кабинети санариптик сомду 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизет

Министрлер кабинети санариптик сомду 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүүнү көздөп жатат. Бул маалымат өкмөттүн иш-аракеттер планына киргизилген.

Сыноо иш чараларын киргизүү 2026-жылдын төртүнчү чейрегинде башталып, 2027-жылдын экинчи чейрегине чейин созулат деп белгиленген.

Бул мезгилде санариптик сом платформасы иштелип чыгат жана ортомчуларсыз P2P которуулары сыноодон өткөрүлөт.

Долбоор Улуттук банк тарабынан каржыланат.

Мурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев санариптик сомдун накталай жана накталай эмес акча менен катар улуттук валютанын үчүнчү түрү катары мыйзам тарабынан бекитилгенин белгилеген. Жеке жана юридикалык жактар ​​акча каражаттарын накталай жана санариптик формалардын ортосунда которо алышат.

Эң көп окулган жаңылыктар