19-январдан 21-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана шамалдын күчөшүнө байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-74, 86-101 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-110 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349 чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл


