Дүйнөлүк хоккей чемпионаты (U-20): Кыргызстан командасы Гонконгду жеңди

10:04, 19 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Бишкек шаарында 20 жашка (U-20) чейинки спортчулар арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Чемпионаттын ачылыш күнүндө турнирдин кожоюндары болгон Кыргыз Республикасынын жана Гонконгдун (Кытай) жаштар курама командалары беттешти.

Жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы Гонконгдун (Кытай) командасын 4:1 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, хоккей боюнча U-20 дүйнө чемпионаты 24-январга чейин уланат. Турнирде Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары күч сынашат.