Орусиядан келген 11 тонна колбаса азыктары артка кайтарылды

11:05, 19 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

«Ак-Тилек» чек ара көзөмөл өткөрүү жайында Россиядан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 11 миң 720 кг колбаса азыктары аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чек ара ветеринардык көзөмөл пунктунун инспекторлору тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы белгилүү болду.

Аталган факт боюнча тиешелүү тартипте актылар түзүлүп, жүктү Кыргызстандын аймагына киргизүүгө тыюу салынды. Натыйжада жүк кайра Россияга жөнөтүлдү.