Айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу: Бүгүнкү күндө эмнелерди билүү керек?
14:41, 19 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстан эски үлгүдөгү, туруктуу айдоочулук күбөлүктөрүн акырындык менен алмаштырууда. 24-kg.com агенттиги бул эмне үчүн зарыл, кантип жасоо керек жана күбөлүктөрүн алмаштырбагандарды эмне күтүп турганы жөнүндө кабарлайт.
Эски күбөлүктөрдү алмаштыруунун негизги себептери:
- Алар санариптештирилген эмес жана бир катар чет өлкөлөрдө таанылбайт;
- Коргоо элементтери начар жана сүрөттөрү эскирген, бул инсанды аныктоону кыйындатат;
- Жаңы күбөлүктөр заманбап эл аралык талаптарга жооп берет жана коргоо деңгээли жогору.
Жарандар үчүн жеңилдиктер: Мамлекет алмаштыруу процессин максималдуу түрдө жөнөкөйлөтүү үчүн төмөнкү чараларды көрдү:
- 083 формасындагы медициналык маалымкатты (справка) көрсөтүү талабы алынып салды;
- Күбөлүктү «Түндүк» системасы аркылуу онлайн форматта алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү;
- Кызмат көрсөтүү тартиби оптималдаштырылып, кошумча чыгымдарсыз жана шашылышсыз бүтүрүүгө шарт түзүлдү.
Кантип алмаштыруу керек?
- Эгер күбөлүгүңүз «Түндүк» тиркемесинде көрүнбөсө: Тиешелүү филиалдарга өзүңүз барып, документти санариптештирүү жана алмаштыруу үчүн кайрылышыңыз керек.
- Эгер күбөлүгүңүз «Түндүк» тиркемесинде бар болсо: Филиалдарга барбай эле, онлайн форматта алмаштырууну тариздөө сунушталат.
Жарандарга учурдагы жеңилдетилген шарттардан пайдаланып, күбөлүктөрүн алдын ала алмаштырып алуу сунушталат.
Мөөнөттөр жана кийинки этаптар тууралуу кошумча маалыматтар расмий түрдө жарыяланат.