09:22, 20 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Молдова КМШдан чыгуу процессин баштады. Бул тууралуу тышкы иштер министри Михай Попшой Молдова радиосуна билдирди.
Анын айтымында, Молдованын КМШга мүчөлүгүнүн негизиндеги келишимдерди денонсациялоо учурда бекитүү этабында жана документтер жакында парламентке берилет. Бул документтер КМШны негиздөө келишимине жана анын тиркемесине, ошондой эле КМШнын уставына тиешелүү болууда.
«Де-факто, биз КМШга катышуубузду бир азга токтоттук, бирок юридикалык жактан биз дагы эле ошол жерде болчубуз. Бул үч негизги келишимден баш тартуу менен Молдова Республикасы расмий түрдө Шериктештиктин курамынан чыгат. Бул процесс буга чейин эле башталган бирок, биз бул чечимди жакында кабыл алдык жана бекитүү процесси башталды», — деди Михай Попшой.
Ал Молдова бийлиги КМШ менен келишимдерди денонсациялоо процессин 2022-жылдын февраль айында, Орусия Украинага аскердик чабуулун баштагандан көп өтпөй баштаганын белгиледи.