11:11, 20 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурда мыйзамды бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп берилген Ош шаарынын борбордук стадионунун бир бөлүгүн мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Кайтарылган жердин жалпы аянты 2700 чарчы метрди түзөт.
Аталган жер тилкесин мыйзам бузуу менен анын максаттуу багытын өзгөртүп, жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталды.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жер тилкеси жана имараттар мамлекеттин менчигине кайтарылып, Ош шаардык мэриясына өткөрүлүп берилди.
УКМК мыйзамдарды бузуу менен жеке менчикке өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык кыймылсыз мүлк объектилери мамлекетке кайтарылууга тийиш экенин эскертет.