12:35, 20 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 20-январда Бишкектин Аламүдүн муниципалдык аймактык башкармалыгынын Чугуев көчөсүндө жайгашкан мечитте өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү саат 11:16да түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн Свердлов райондук № 3 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.
Өрттүн себеби жана мүмкүн болгон чыгымдар тууралуу маалымат такталууда. Мекемеден кошумча маалымат берилери айтылды.