15:17, 20 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстан аскердик каттоону жана аскердик билеттерди санарип форматына өткөрө баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Коргоо министрлигине унааларды тапшыруу аземинде билдирди.
Анда Адылбек Касымалиев аталган министрлик санариптештирүүнүн биринчи этабын, документ жүгүртүүнү, жарандык кадрларды эсепке алууну жана аскердик каттоо процесстерин иретке келтирүүнү ийгиликтүү ишке ашырганын айтты.
«Аскердик каттоонун электрондук системасы беш аскер комиссариатында пилоттук түрдө ишке киргизилди. Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин ал кошумча 25 аскер комиссариатына жайылтылат», — деп белгиледи ал.