11:05, 21 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева балдар үйүнөн чыккан кыздын укугун коргоду. Ал эми 518 000 сом өлчөмүндөгү социалдык жөлөкпул алат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери 2025-жылы Чүй облусундагы балдар үйлөрүнө мониторинг жүргүзүп, балдардын укугунун сакталышын жана жашоо шарттарын текшерип чыкты. Жыйынтыгында бир катар мыйзам бузуулар аныктап, аны жоюу боюнча сунуштарды берилди.
Текшерүү учурунда жетим балдардын айрымдары мамлекеттен жөлөк пул албаганы ырасталган.
2008-жылы туулган М.Б. аттуу кыз бир тууганы менен бирге ата-энеси каза болгондон тарта, 2017-жылдан бери Чүй облусундагы балдар үйүндө жашайт. Анын майыптыгы боюнча 2015-жылы медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) кароосунан өткөрүлүп, психиатрдын көзөмөлүндө болуусу жана инклюзивдик программа менен окуусу сунушталып, социалдык жөлөкпул чегерүү чечими кабыл алынган.
Бирок, кыз балдар үйүнө которулгандан кийин, 2017-жылы МСЭКтин күбөлөндүрүүсүнөн кайра өтпөгөндүктөн жөлөк пул чегерүү токтотулган.
Ошондон бери сегиз жыл аралыгында аны кайра комиссиянын кароосунан өткөрүү боюнча аракеттер көрүлгөн эмес.
КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага жана Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине калктын аярлуу катмары болгон жетим балдардын укуктарынын так сакталышына көзөмөлдү күчөтүүнү жана М.Б.га албай калган жөлөкпулду өндүрүп берүүнүү сунуштап расмий кат жолдогон.
Териштирүүнүн жыйынтыгы менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтерге жол берген жооптуу кызматкерлерине тартиптик чара көрүлдү. Жөлөк пул 2026-жылдын 1-майына чейин калыбына келтирилип, жалпысынан 518 миң сом кыздын депозиттик эсебине которулат.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик аткаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, «Балдар жөнүндө» кодекстин 17-беренесине ылайык, алар балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылууга милдеттүү экенин эскертет.