10:59, 21 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
«Манас» эл аралык аэропортунда аба ырайынын начар шарттарынан улам каттамдар кечигип жатканын «Кыргызстан аэропорттору» компаниясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда төмөнкү багыттар боюнча үч каттам кечигүүдө:
Аэропорттун аймагында көрүү мүмкүнчүлүгү мезгил-мезгили менен 300 метрге чейин төмөндөп жатканы белгиленди. Буга байланыштуу саат 11:00гө чейин каттамдар кармалышы мүмкүн.
Жүргүнчүлөргө учуулардын тактап, маалыматтардын жаңылануусун байкап туруу сунушталат.
Эскерте кетсек, аэропортко жаңы 2-категориядагы жарыктандыруу системасы орнотулду.
3-категориядагы жабдууларды орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат, бирок жагымсыз аба ырайында конуу боюнча акыркы чечим ар дайым учактын экипажына таандык.