17:38, 21 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Эртең, 22-январда Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн −6...-11 күндүз −3...+2
Таласта түнкүсүн −5...-10 күндүз −2...+3
Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5 күндүз −1...+4
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...-5 күндүз −1...+4
Ысык-Көлдө түнкүсүн −1...-6 күндүз 0...5
Нарында түнкүсүн −16...-21 күндүз −2...-7
Бишкекте түнкүсүн −6...-8° суук, күндүз 0...2° болот.