Өзгөндө наристенин белине хижама жасалган. Бала чарчап калды

13:41, 22 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Ош облусунун Өзгөн районунда бир жарым айлык бала белине хижама жасалгандан кийин чарчап калган. Жергиликтүү оорукана бул маалыматты 24-kg.com агенттигине тастыктады.

Дарыгерлердин айтымында, бала 21-январдын түнүндө өтө оор абалда постгеморрагиялык шок жана кан аздыгы менен ооруканага жаткырылган.

«Ата-энеси баланы элдик дарыгерлерге алып барып, аркасына ийне сайдырышкан. Анын гемоглобини 45 болчу, ал эми кадимки көрсөткүчү 110-120. Тилекке каршы, биз баланы сактап кала алган жокпуз. Иликтөө процедуралары канча күнгө созулганы белгисиз, бирок биз дароо жергиликтүү милиция бөлүмүнө кабарлаганбыз», — деп билдиришти ооруканадан.