16:44
USD 87.45
EUR 102.22
RUB 1.14

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдогу кырсыктан бир аял каза болуп, үчөө жабыркады

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 36-чакырымында оор жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Hyundai Solaris унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калгандыктан, унаа жолдон чыгып, даракка урунган. Кырсыктан бир аял каза болгон. Дагы эки аял жана бир жашы жете элек кыз жаракат алган. Жабыркагандардын аты-жөндөрү такталууда.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө Ысык-Ата райондук № 4 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдын жансыз денесин жана жабыракаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жол кырсыгынын чоо-жайы аныкталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар