«Асман» авиакомпаниясы Нарынга каттамдарды көбөйтүп, бааларды жөнгө салды

11:27, 23 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

4-январдан тарта «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Нарынга каттамдардын санын көбөйттү. Бишкектен Нарынга каттамдар азыр дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат. Буга чейин Нарынга каттам жумасына бир жолу жүргүзүлчү.

«Асман» авиакомпаниясынын маалыматы боюнча, мурда баалар 2100 сомдон 3100 сомго чейин болсо, азыр билет баасы 2100 сом.

Фото Нарынга каттамдар көбөйтүп, баалар жөнгө салынды

Белгилей кетсек, бул социалдык багыттагы жеңилдетилген каттамдар президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосунун аркасында аймактык өнүгүү жана жарандардын мобилдүүлүгүн жогорулатуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында мүмкүн болду.

Билеттерди Asman Airlines тиркемеси аркылуу түз сатып алууга болот, бул сизге каттамды тез брондоого, акчаңызды үнөмдөөгө жана кассада кезектерден качууга мүмкүндүк берет.