16:09
USD 87.45
EUR 102.22
RUB 1.14

Пайдалуу кеңеш: Сүттүн акыл-эс жөндөмүнө тийгизген таасири айтылды

Сүттү үзгүлтүксүз колдонуу мээнин нормалдуу иштешин сактоо үчүн пайдалуу. Бул тууралуу биолог Ирина Лялина билдиргендигин Lenta.ru сайты жазып чыкты.

Эксперт сүттүн курамында когнитивдик функцияны сактоого жана жакшыртууга кыйыр түрдө жардам бере турган тең салмактуу азык заттар бар экенин билдирди. Ал сүттөгү белоктор жана аминокислоталар нейрондордун ортосундагы сигналдарды өткөрүүгө катышкан нейротрансмиттерлер үчүн курулуш материалы болуп саналат. Бул эс тутум жана көңүл буруу үчүн маанилүү экенин түшүндүрдү.

«В витаминдери, айрыкча В12 жана В2, нерв системасынын нормалдуу иштеши үчүн абдан маанилүү. Алар мээде энергия өндүрүүнү колдойт жана когнитивдик процесстерди жакшыртат. Кальций жана магний нерв импульстарынын берилиши жана нерв клеткаларынын ден соолугу үчүн маанилүү болуп саналат. Ал эми негизинен бүтүн сүттө кездешүүчү май кислоталары мээ клеткаларынын мембраналарынын түзүлүшүн колдойт жана анын өнүгүшүнө жана иштешине катышат», — деп бөлүштү биолог.

Адистин айтымында, табигый сүт эс тутум, көңүл буруу жана жалпы когнитивдик ден соолук үчүн колдоого муктаж болгон балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор үчүн пайдалуу. Бирок, эксперт акыл-эстин курчтугун олуттуу жакшыртуу үчүн комплекстүү мамиле керек экенин баса белгиледи: туура тамактануу, уйку, физикалык активдүүлүк жана акыл-эсти стимулдаштыруу.

Эң көп окулган жаңылыктар