14:21, 23 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Белгилей кетсек, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын объекттерин капиталдык куруу, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу жана модернизациялоо планына ылайык, JAC—T8 үлгүсүндөгү 17 даана бригадалык автоунаа, SHANMON—388H үлгүсүндөгү 8 даана экскаватор-жүктөгүч, ошондой эле «Энергетика тармагын модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү» долбоорунун алкагында КАМАЗ—43118 базасындагы 45 метрлик 2 даана авто-көтөргүч жана JAC—N56 үлгүсүндөгү 10 даана бригадалык автоунаа сатып алынган.
Жалпы 37 бирдик атайын автотранспорт каражатынын суммасы 145,8 млн сом.
Минкаб төрагасы энергетика тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтып, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен электр энергиясы боюнча координалдуу курулуштар жүргүзүлүп жана ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.
Кошумчалай кетсек, 2025-жылы энергетика жана көмүр тармагына жалпы 160тан ашуун атайын автотранспорт каражаттары сатып алынган.