15:30, 23 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
2026-жылдын 23-январында УКМКнын төрагасы К.Ташиев үч эм төрөлгөн жаш үй-бүлөгө, тагыраагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, жубайлар оор каржылык абалынан улам турак жай менен жардам сурашкан. Жубайлар 2024-жылдын ноябрь айынан бери баш кошуп, ушул убакка чейин батирде жашап келишкен. Үй-бүлө башчысы курулушта иштейт.
Атайын кызматтын башчысы жубайларга чың ден соолук жана бакубат жашоо каалады, ал эми жаш ата-энелер көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдиришти.