18:04
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Россияга иштөө үчүн бара турган кыргызстандык жарандар эмнелерди билиши керек?

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясына эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында бара жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борборунун migrant.kg сайты аркылуу Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинде өзүн текшерип көрүүнү сунуштайт.

Ошондой эле, Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык, анын аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн төмөнкү милдеттүү жол-жоболорду өз убагында аткаруу зарыл экенин эскертет:

• 30 күндүн ичинде медициналык кароодон өтүү, мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү;

• 30 күндүн ичинде убактылуу жүргөн жери боюнча аймактык миграция органына миграциялык каттоого туруу. Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү максатында Москва шаарына жана Москва облусуна келген жарандар үчүн миграциялык каттоого «Амина» тиркемеси аркылуу туруу талап кылынат, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү жалпы тартипте каттоодон өтүшөт;

• эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимди түзүү;

• 90 күндүн ичинде эмгек же жарандык-укуктук келишимдин негизинде убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу (миграциялык картага миграция органдары тарабынан белгилөө коюу аркылуу).

Бардык кызыктырган суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек жана байланыш телефону аркылуу кайрыла алышат:

Дареги: Москва шаары, Малая Полянка көч., 7-үй, 5-корпус

Тел.: +7 996 968 98 97

Эң көп окулган жаңылыктар