16:22, 23 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
2022—2026-жылдарга арналган инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын негизинде, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, белгилүү кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Темир Бирназаровдун «Туткун» аттуу толук метраждуу көркөм фильминин бет ачар аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Көркөм тасмасынын бет ачары эртең, 24-январында, саат 14:00дө, Ала-Тоо кинотеатрында өтөт. «Туткун» көркөм фильми Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы тарабынан өндүрүлгөн.
«Туткун» көркөм фильми мекенге болгон сүйүү, адам тагдыры, тарыхый адилетсиздик жана руханий трагедия темаларын терең чагылдырган драмалык чыгарма катары багытталат.
Иш-чаранын уюштуруучусу:
Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы.