ЕККУнун Башкы катчысы Кыргызстанга келет: ТИМдеги жолугушуунун чоо-жайы

17:05, 23 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Фото ТИМ. Волкер Фробарт (солдо) жана Медер Абакиров

ЕККУнун Башкы катчысы Феридун Синирлиоглу Бишкекке барууну пландап жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен ЕККУнун Кыргызстандагы Программалык кеңсесинин башчысы Волкер Фробарттын жолугушуусунда белгилүү болду.

ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын ЕККУ менен болгон учурдагы өз ара аракеттенүүсүнүн кеңири чөйрөсү талкууланып, 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттар айтылды.

Жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарлар, анын ичинде ЕККУнун башкы катчысы Феридун Синирлиоглу баштаган өкүлдөрүнүн Кыргызстанга күтүлүп жаткан сапары тууралуу маселелери талкууланды. Кыргыз тарап бул сапарларга ар тараптуу уюштуруучулук колдоо көрсөтүүгө жана өлкө жетекчилиги менен мазмундуу жолугушууларды өткөрүүгө даяр экендигин ырастады.

Мындан тышкары, тараптар ЕККУнун аймактык долбоорлорун, анын ичинде чек ара кызматташтыгы жана Борбор Азияда ишенимди бекемдөө жаатындагы демилгелерди ишке ашыруунун келечеги боюнча пикир алмашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы өз ара урматтоо, ачык диалог жана кабыл алуучу өлкөнүн артыкчылыктарын эске алуу принциптерине негизделген өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө умтуларын ырасташты.