Кыргызстандын Агартуу министрлиги 2025-2026-окуу жылында окуучулардын республикалык Олимпиадасынын өткөрүү графиктерин жарыялады.
Олимпиада 4 этапта өткөрүлөт:
- I этап — мектептик (январь);
- II этап — райондук (февраль), аталган этап облустардын райондорунун, Бишкек шаарынын райондорунун жана райондук маанидеги шаарлардын деңгээлинде өткөрүлөт;
- III этап — облустук (февраль), бул этап облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын деңгээлинде өткөрүлөт;
- IV этап — республикалык (март).
Олимпиаданын III жана IV этаптары Министрлик тарабынан белгиленген мөөнөттө республика боюнча бир учурда өткөрүлөт.
Олимпиада төмөнкү предметтер боюнча өткөрүлөт:- Англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых;
- Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты;
- Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты.
Олимпиадага катышуу үчүн акы алууга жол берилбейт.


