12:48
USD 87.45
EUR 102.67
RUB 1.15

Кышкы кабыл алуу. ЖОЖдорго акыркы тур башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында кышкы кабыл алуунун акыркы туру башталды.

«Abiturient Online» автоматташтырылган маалымат системасынын маалыматы боюнча, арыздарды кабыл алуу процесси 26-январдан 28-январга чейин уланат

Алгачкы эки турдун жыйынтыгы боюнча 535 арыз катталып, алардын ичинен 492 талапкер жогорку окуу жайларына кабыл алуу үчүн сунушталган.

355 талапкер кабыл алынган, анын ичинде 280 күндүзгү жана 75 сырттан окуу бөлүмүнө катталган.

Эң көп кабыл алуу талондорун Ош мамлекеттик университети (108) жана Кыргыз экономика университети (107) алган, андан кийин Кыргыз-Орус билим берүү академиясы (56) жана Кыргыз улуттук университети (56).

Кабыл алынган 355 талапкердин ичинен 79у медицинаны, дагы ошол эле сандагысы билим берүүнү, 51и маалыматтык технологияларды, 42си экономика жана каржыны, ал эми 40ы менеджментти тандаган. Калгандары башка тармактарды тандашкан.

Тандоо күзгү жана жазгы Улуттук тестирлөөнүн (2025) жыйынтыктарына негизделет.

Кышкы кабыл алуу процесси жайкы кабыл алуу процессинен кийин бош калган келишимдик негиздеги орундарга гана талапкерлерди тандоо жана каттоо үчүн колдонулат.

Жогорку окуу жайларына кыргызстандык жана чет элдик студенттерди эки жылда бир кабыл алуу процесси жогорку билимге жетүүнү кеңейтүү максатында иштелип чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар