Бүгүн, 26-январда өлкө аймагындагы унаа жолдордо жана ашууларда жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Тараз — Талас — Суусамыр унаа жолундагы Өтмөк ашууларында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашуусунда жана Түп — Кеген жолунда каттам бар, жол ачык.
Учурда жолдордо, ашууларда кар күрткɵлɵрүн тазалоо кум- туз аралашмасын чачуу, жол жээгин кеңейтүү иштери жүрүүдө.
Транспорт министрлиги алыс жолго чыккан айдоочуларды жол эрежесин сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.


