Ала-Букада бир үй-бүлө иске ууланып, төрт адам көз жумду

16:41, 26 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда бүгүн трагедиялуу окуя катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука айылынын Жаштык көчөсүндө жайгашкан турак үйдө көмүрдөн чыккан иске ууланып, төрт адам каза болгон.

Окуя тууралуу маалымат «102» номерине саат 12:20 чамасында түшкөн. Каза болгондор — 1994-жылы туулган эркек киши (А.Д.), 2002-жылы туулган аял киши (И. кызы З.), ошондой эле 2024 жана 2025-жылы туулган эки кичинекей кыз (С.Д. жана С.М.).

Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери текшерүү жана тактоо иштерин жүргүзүүдө. Окуянын чоо-жайы аныкталып жатат.