№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн 4 талапкер катталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти
Маалыматта белгиленгендей, алардын шайлоо документтери Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган.
Катталган талапкерлерге эми белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.
- Арстанбеков Акылбек Советбекович;
- Асанов Уланбек Жалалович;
- Калматов Токторали Калдарович;
- Чолпонов Уланычбек Калдарбекович.
Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.
Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.


