БШК № 13 шайлоо округу боюнча төрт талапкерди каттады

09:33, 27 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

№ 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн 4 талапкер катталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти

Маалыматта белгиленгендей, алардын шайлоо документтери Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган.

Катталган талапкерлерге эми белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович;
  • Асанов Уланбек Жалалович;
  • Калматов Токторали Калдарович;
  • Чолпонов Уланычбек Калдарбекович.

Кайра шайлоого катышуу ниети жөнүндө арыздарды кабыл алуу добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калганга чейин, тактап айтканда, 2026-жылдын 29-январында саат 18:00гө чейин (кошуп алганда) аяктайт.

Белгилей кетсек, аталган округда кайра шайлоо 1-мартка белгиленген.