Былтыр коомдук коопсуздук камералары алты миңден ашык эреже бузууларды аныктады

10:04, 27 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

Коомдук коопсуздук камералары 2025-жылы 6 миңден ашык эреже бузууну аныктады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Алмаз Батырбаев Биринчи радиодо билдирди.

Анын айтымында, бардык аймактарда коомдук коопсуздук камераларын күнү-түнү көзөмөлдөгөн кырдаалдык борборлор бар, ошону менен жарандардын коопсуздугу камсыздалат.

«Учурда өлкө боюнча коомдук жайларда үч миңден ашык видеобайкоо камералары иштеп жатат. Ар бир аныкталган окуя боюнча маалымат мыйзамдуу чара көрүү үчүн райондук ички иштер органдарынын жергиликтүү бөлүмдөрүнө жөнөтүлөт», — деди Алмаз Батырбаев.

Ал кошумчалагандай, 2026-жылы «Коопсуз өлкө» долбоорунун экинчи этабынын алкагында 20 000 видеокамера орнотулат.

«Иш этап-этабы менен жүргүзүлөт. Биринчиден, кызматкерлер кылмыштар көп жасалган жерлерди талдайт. Андан тышкары, видео жабдууларды орнотуу үчүн инфраструктура талап кылынат — 24 саат бою электр энергиясы менен камсыздоо, интернет байланышы ж.б.у.с. Камеранын бир нече түрү бар — айрымдары 360 градуска айланат, ал эми башкалары кыймылсыз жана бир багытты көрсөтөт», — деп түшүндүрдү Алмаз Батырбаев.