12:30, 27 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун 40 жылдык мааракесине карата логотипти жана брендбукту иштеп чыгуу боюнча ачык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылы өтө турган форум цивилизациялык диалогду, тынчтык куруу маселелерин жана дүйнөдөгү жаңы глобалдык чакырыктарды талкуулоону улантат.
Сынактын байге фонду: 50 000 (элүү миң) сом.
Сынактын катышуучулары: жеке ишкер катары катталган, ишкердик жүргүзүүгө күбөлүгү жана патенти бар сүрөтчүлөр жана дизайнерлер.
Сынактын максаты — Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган, форумдун философиясын, миссиясын жана эл аралык маанисин чагылдырган оригиналдуу логотипти жана бирдиктүү визуалдык брендбукту иштеп чыгуу.
Сынактын багыты:
Логотип форумдун бийик миссиясын жана маңызын чагылдыруусу зарыл. Ысык-Көл форуму — туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн глобалдык дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жана элдердин диалогун өнүктүрүүгө багытталган, тагдыр чечүүчү чечимдерди кабыл алууда көп полярдуулук менен тең салмактуулукту колдогон эл аралык интеллектуалдык аянтча болуп саналат.
1986-жылы улуу ойчул жана жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк интеллигенцияны Ысык-Көл жээгине чакырып, СССР менен Батыштын ортосундагы «кансыз согуштун» соңунда турган дүйнөлүк абалды талкуулоого негиз салган.
Сынакка катышуу шарттары:
Сынакка катышууга ниет билдиргендер өз арыздарын 2026-жылдын 31-январына чейин
centerformuseum@gmail.com электрондук дарегине жөнөтүүсү зарыл.
Ниетин билдирген сүрөтчүлөр жана дизайнерлер үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан атайын брифинг өткөрүлүп, сынактын талаптары жана техникалык тапшырма кеңири түшүндүрүлөт.