14:41, 27 января 2026, Бишкек - 24-kg.com
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовду кабыл алды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Салык кызматынын төрагасы мамлекет башчысына салык системасын реформалоонун экинчи этабынын жүрүшү жөнүндө маалымат берди. Анын негизги элементи катары «Салык Күзөт» автоматташтырылган маалыматтык салык талдоо тутуму ишке киргизилди.
Алмамбет Шыкмаматов бул система ишке киргизилгенге чейин МСК кызматкерлери бир нече булактар менен иштөөгө жана компаниялардын салыктары, камсыздандыруу төгүмдөрү жана отчеттуулугу жөнүндө маалыматтарды кагаз түрүндө чогултууга аргасыз болгонун белгиледи. Эми бардык маалыматтар бир платформага топтолду.
Жолугушуунун соңунда президент МСК төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго «Салык Күзөт» платформасын мындан ары жайылтуу, ишкерлер менен салыктык тартип боюнча системалуу иш алып баруу, ошондой эле бизнес жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.