Ысык-Көл РИИБдин мурдагы кызматкери кыйноо жана опузалоо боюнча айыпталууда

15:26, 27 января 2026, Бишкек - 24-kg.com

УКМК укук коргоо органдарындагы системалуу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл РИИБдин айрым кызматкерлери тарабынан кармалган жаранга карата опузалап талап кылуу жана кыйноо фактысы аныкталган. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук ИИБнын убактылуу кармоочу жайынын мурдагы башчысы кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, убактылуу кармоочу жайда ыңгайлуу шарттарды убада кылып акча талап кылган.

Фото УКМК басма сөз кызматы

Аталган жаран опузаланган акчаны төлөөдөн баш тарткандан кийин өзү менен башка ИИБ кызматкерлери ага карата физикалык кол салуу жасашкан. Бул окуя ачыкка чыккандан кийин ал ички иштер органындагы кызматынан өз ыктыяры менен кеткен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында,шектүү кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешеси бар жарандар такталууда.